Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто дин кызматкерлерге саясий иштерге катышпоо эскертилди

21.09.2020 15:32
943
Ошто дин кызматкерлерге саясий иштерге катышпоо эскертилди


Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев облуска караштуу мечиттин имамдарына жана жергиликтүү жамаатка жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, анда үй-бүлөлүк зордук – зомбулуктун алдын алуу жана диний кызматкерлердин шайлоодо үгүт иштеринен оолак болуусун камсыз кылуу боюнча имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


"Ислам дининде зулумдук кылгандарга катуу тыюу салат. Кереметтүү Куранда  “Зулумдук жасагандарга оор күндүн азабы түрүндө ойрондук болсун!” деп келет. Облуска караштуу бардык аймактарды кыдырып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча имамдарга тийиштүү тапшырмаларды берүүдөбүз. Ошондой эле имамдарга саясий иш-чараларга катышпоого чакыруудабыз”, — деди Нурбек кары Орунбаев. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн