Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто диний экстремисттик материалдарды тараткан 21 жаштагы жаран кармалды

Ошто диний экстремисттик материалдарды тараткан 21 жаштагы жаран кармалды

Өзгөн шаарынын 21 жаштагы тургуну диний- экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткандыгы үчүн иши сотко өттү. Бул туурасында Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде инстаграм социалдык баракчасына таратып жүргөндүгү такталган Өзгөн шаарынын тургуну 21 жаштагы Т.А. кармалган. 


Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш -Жаза Кодексинин 332-беренесидеги кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп иши соттун кароосуна өткөрүлдү. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн