Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто добуш сатып алууга аракет кылган талапкер кармалды

08.07.2021 10:17
970
Ошто добуш сатып алууга аракет кылган талапкер кармалды

Ошто депутаттыкка талапкер кармалды, - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-июлунда саат 22:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алууга» шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алынып келинди.


"Ал Ош шаардык кеӊешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер. Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынып, тиешелүү көрсөтмөлөр толптолууда, күбөлөр суралууда. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу дагы кошумча маалымат беребиз", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.


Ал эми кечээ күндүзгү саат 11:00 чамаларында аныкталган «шайлоочулардын добушун сатып алуу» фактысы боюнча башка Ош шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди, - деп кошумчалашты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн