Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто добуш сатып алууга аракет кылган жарандын жанынан 115 миң сом табылды

07.07.2021 14:05
675
Ошто добуш сатып алууга аракет кылган жарандын жанынан 115 миң сом табылды

Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алууга шектүү жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Мындай маалымат Ош ШИИБинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.


Башкармалыктан кабарлашкандай, бүгүн, 7-июлда саат 11:37 чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү.


Келип түшкөн маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 1980-жылы туулган И.Х., 1959-жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. колго түшүрүлдү. Алардын бири (1980-жылы туулган И.Х`нын) жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси алынды. Тергөө кызматына алынып келген жарандар алдыдагы шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан. Учурда бул факты боюнча 192-берененин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн