Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто дүкөндөгү терминалды уурдаган жарандар кармалды

Ошто дүкөндөгү терминалды уурдаган жарандар кармалды

Кара-Суу районунда төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 1-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун Ю.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Нариман айылындагы жайгашкан дүкөндөрдүн биринде төлөм терминалын белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген.


Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


6-сентябрда милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 24 жаштагы И.Б, 27 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалган.


Шектүулөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип,учурда башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу такталууда.


Тергөө амалдары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн