Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ошто дүкөндөрдө адамдардын буюмдарын жана акчасын уурдаган аял кармалды

02.03.2023 09:50
238
Ошто дүкөндөрдө адамдардын буюмдарын жана акчасын уурдаган аял кармалды

Ош ШИИБнин 1-мартта берген маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 39 жаштагы тургуну “Уурулук” беренеси менен айыпталып жатат. 


Кармалган шектүү Ош шаарында жарандарга таандык буюмдарды, уюлдук телефондорду, акчаларды жана башка документтерди уурдап жүргөн.


“Шектүү Оштогу «Мисс Элегант» дүкөнүнөн 67 жаштагы тургундун сумкасынан 56 миң сом акчасын, банктык картасын жана башка буюмдарын уурдаган. 


Андан соң «Орто Азия» соода борборунда соодагерлик кылган 41 жаштагы тургундун уюлдук телефонун, документтерин жана 92 миң сом акчасын уурдап алган”, - деп айтылат маалыматта. 


Шектүү буга чейин издөөдө жүргөн жана анын үстүнөн жалпы эсеп менен 6 арыз түшкөн. Милициядан билдиришкендей, ал буга чейин да Ош шаарынын аймагында уурулук менен алектенип жүргөн. Маалым болгондой кармалган тургун буга чейин беш жолу соттолгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн