Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы ишембилик өтөт

21.08.2020 14:07
1695
Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы ишембилик өтөт


Ошто Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата, 22-августта Ош шаарынын аймагында жалпы ишембилик өтөт. Анын негизинде шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, көп кабаттуу үйлөр, кафе-ресторандар, дүкөндөрдүн жамааттары санитардык эрежелерди сактоо менен өз аймактарын тазалап, ирээттеп, ишембиликтерди уюштуруусу керек.


Мэрия шаардын тазалыгы үчүн, тургундарды санитардык эрежелерди сактоо менен жалпы ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн