Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдык башталды

25.01.2024 12:36
326
Ошто эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдык башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдык башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири.

Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн