Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто эки медресе жана колледж обсервация катары пайдаланууга берилет (сүрөт)

06.07.2020 14:08
1562
Ошто эки медресе жана колледж обсервация катары пайдаланууга берилет (сүрөт)


Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы «Куран жаттоо» колледжинин имараты обсервация катары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов билдиргенин муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, колледж шаардын чок ортосунда жайгашкан, 100 орундуу, ичинде баардык шарты бар.

Ошондой эле Ош шаарында жайгашкан «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселери обсервация катары пайдаланууга берилет. Мындай чечимди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев чыгарды.

Анын айтымында, азыркы учурда COVID-19 вирусунун кескин жайылышынан улам ооруган адамдар көбөйгөнүнө байланыштуу Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» балдар медреселери обсервация катары колдонууга берүүгө даяр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн