Кара-Суу районунда эки мектеп окуучусу бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазды.
Учурда жабырлануучулардын экөө тең Ош шаардык клиникалык ооруканасында экени такталды.
«16 жаштагы экөө тең Ош шаарындагы Панфилов мектебинде окушат. Бычакташууга чейин жеткен мушташ Кара-Суу районунун аймагында болгон», - деп жазылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн