Ошто экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлады.
Ош шаарында кинотеатр, интернет клуб, ресторандар жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт.
Чечим бүгүн, 2-декабрда Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн