Ошто экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча Өзбекстандын жараны аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан интернет тармагына мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча биргелешкен ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө "Инстаграм" жана "ТикТок" социалдык тармактарынын активдүү колдонуучусунун баракчаларында экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдар боюнча маалымат алынган.
Аталган факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөн, жыйынтыгында бул материалдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик-террористтик уюмга тиешелүү деп табылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соцбаракчанын колдонуучу Өзбекстандын жараны 1997-жылы туулган Ш.Н.Ш. тарабынан социалдык тармактар аркылуу динчил аялдардын баш кийими – "никаб" сатылып, аудио коштоосунда жихадчылык мүнөздөгү "нашиддер" жарнамаланган.
Учурда аталган жаран кармалып, ИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн