Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто экстремисттик-террористик мүнөздөгү видеоматериалдарды жайылткан 27 жаштагы жаран кармалды

14.03.2022 11:59
720
Ошто экстремисттик-террористик мүнөздөгү видеоматериалдарды жайылткан 27 жаштагы жаран кармалды

Экстремисттик-террористик мүнөздөгү видеоматериалдарды жайылткан 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу  Ош ШИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун 1995-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаранды кармашты.


Шектүү Р.Ж атуу жаран өзүнүн атындагы “ютуб” каналы аркылуу экстремисттик жана терористтик мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп тургандыгы аныкталган.


Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө Р.Ж. аттуу жаран бир тууган агасы 1992-жылы туулган Р.М. жана жеңеси Р.М. Сирия мамлекетинде жүргөндүгү дагы белгилүү болгон.


Бул факты боюнча Ош ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн