Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто эркек кишинин өлүмүнө шектелип 22 жаштагы кыз кармалды

29.09.2021 12:37
629
Ошто эркек кишинин өлүмүнө шектелип 22 жаштагы кыз кармалды

Ош шаарында 22 жаштагы кыз 37 жаштагы эркек кишинин өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.


28-сентябрь күнү саат 02:55тер чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар түшкөн.


"Анда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү кафенин алдында азиат тектүү, болжол менен 35-40 жаштагы Мирбек аттуу жарандын сол буту миздүү нерсе менен сайылып, кесилген жаракаты менен келип түшкөнү айтылган. Аталган ооруканага ыкчам тергөө тобу барган кезде анын каза болуп калгандыгы аныкталган", — деп билдирген милиция өкүлү.


Аталган факт Ош ШИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктундагы ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жабырлануучунун кылмыш болгон убакта кийип турган кийимдерин далил катары алган.


Каза болгон Ш.М. аттуу жарандын сөөгү соттук-медициналык эксперттин катышуусунда кароодон өткөрүлгөн. Маркумдун бутунун ич тарабынын өйдө жагынан сайылып, кесилген жаракаты аныкталган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында күбө катары маркумдун жанындагы досу жана окуяга күбө болгон атуулдар суралган.


"28-сентябрь күнү саат 02:50дө Ш.М менен кафеде отурган С.Р жана Р.А. аттуу кыздар өз ара сөз талашып уруша кетип, кафеден сыртка чыгышкан. С.Р. бүктөмө бычак менен бутка бир жолу уруп жибергени аныкталган", — деп билдирген милиция өкүлү.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну, 22 жаштагы С.Р. аттуу кызды убактылуу кармоо жайына киргизген.


Милициядан учурда бул факт боюнча окуянын жагдайларын толук, объективдүү изилдөөгө жана далилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жаткандыгын айтышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн