Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ошто этти кайра иштетүүчү завод курулат

19.02.2021 14:19
4283
Ошто этти кайра иштетүүчү завод курулат

Ош облусунун аймагында этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдирди.


Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында турган мекеме этти кайра иштетүүчү ири ишкана катары ачылат.


Мындан сырткары, долбоордо бул аймакта консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган.


"Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Бул ишкана айыл өкмөтүнүн балансында гана болот, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй жаран жумуш менен камсыз болоору болжолдонгон. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган",


-деп айтылат билдирүүдө.


Учурда имараттын экологиялык бүтүмдөрү даярдалууда.


"Биз 70-жылдардагы Кыргызстандын эти деген брендди кайтарабыз. Кезинде РФда биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо-талап менен алынып турган. Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбап мал союучу ишканалар курулуп жатат. Ошолордун сырьесу бул жерде даяр продукция катары экспортко чыгарылат", - деп билдирген Жарасул Абдураимов тийиштүү тармак жетекчилеринин катышуусунда жеринде өткөн жыйында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн