Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто газ тартыштыгы жаралып, жер үйлөргө чектөө киргизилди

01.02.2024 15:17
500
Ошто газ тартыштыгы жаралып, жер үйлөргө чектөө киргизилди


Ошто газдын тартыштыгы жаралып, жер үйлөргө чектөө киргизилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.


Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары калаада газдын басымы азайып, тургундар арызданып жатканын айтышты.


Төрөбаевдин айтымында, Өзбекстанда газ дефицити жаралгандыктан Кыргызстанга тийиштүү көлөмдө бере албай жатат.


"Бүгүнкү күндө жер үйлөрдө газдарга чектөө коюп жатабыз, анткени көп кабаттуу үйлөрдү, газ менен жылытуучу имараттарды камсыз кылышыбыз керек. Мындан улам энергетиктерге электр энергиясы боюнча чектөө киргизбегиле деп тапшырма бердик. Бир аз чыдап коюш керек болуп жатат, жер үйлөрдө анча-мынча отун-көмүрү бар", — деди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн