Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто өз инисин өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды (видео)

21.07.2020 18:31
792
Ошто өз инисин өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды (видео)

 

Ошто өз инисин өлтүргөнгө шектүү катары 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу аталган шаардын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 1983-жылы туулган Алай районунун Ак-Босого айылынын тургуну Б.А. инисинин өлүмүнө шектелип кармалды.


“Ал алгачкы тергөө учурунда инисинин көп ичип кеткендиги, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакыргандыгын, бирок иниси каяша берип укпай койгондуктан бир койгондугун, иниси талуу (башынын арка тарабы менен ташка жыгылган) жери менен ташка жыгылып, эсин жоготуп койгондугун айткан.Өлтүрүү оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган. Учурда анын көрсөтмөсү текшерилип жатат. Шектүүнүн каза болгон иниси 1985-жылы туулган, Б.М.”, - деп айтылат маалыматта.


Билдирүүгө таянсак, 20-июль күнү саат 21.00 чамасында Ош облустук ооруканасына оор абалда жаран түшкөндүгү тууралуу маалыматты аталган оорукана кызматкерлери тарабынан берилгени айтылат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн