Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто ыктыярчы дарыгерлер 3-4 күн атайын окуудан өтүп, жумушка киришүүдө (фото)

07.07.2020 17:44
1017
Ошто ыктыярчы дарыгерлер 3-4 күн атайын окуудан өтүп, жумушка киришүүдө (фото)


Ош шаарында өз ыктыяры менен жардамга келген алгачкы 8 дарыгер-ординатор 3-4 күн атайын окуудан өтүп, жумушка киришет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов ыктыярчы медицина кызматкерлерин кабыл алып, аларга ыраазычылык билдирди.

 

Шаардык оорукана менен атайын келишим түзүлүп, айлык акы төлөнүп берилет. Жаш дарыгерлер өзгөчө кырдаал учурунда ар кандай жардамга даяр экендигинин, медицина тармагында алган билимдерин эл үчүн жумшай тургандарын айтышты.

 

Мындан башка медициналык билими бар жарандар да кайрылышып, атайын дарыгерлердин тизмеси түзүлүүдө, деп кошумчаланат маалыматта.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Осмонбаева Шааргул Келдибековна
Мен учурда вирус жуктуруп алып даарыланып жаткан мезгилим,айыгып чвксам мен да колумдан келген жардамым корсотуп иштеп берсем деп чечим кабыл алдым,жана башка бироону айыктырууга пайдасы тийчуу болсо (ваксина катары)канымды тапшырганга да макулмун!Иши кылса элимди ушул оор кырдаалдан алып чыгып кетууго колумдан келген салымым кошууга даярмын!