Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто илдеттин жайылышына бөгөт коюу, алдын алуу иш-чаралары уланууда (фото)

03.07.2020 10:16
1172
Ошто илдеттин жайылышына бөгөт коюу, алдын алуу иш-чаралары уланууда (фото)


Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө максатында калк арасында санитардык-эпидемиологиялык жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ош ОИИБ басма сөз кызматынан маалымдашкандай, түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери эл көп топтолгон жерлерде коронавирус жугуштуу илдетинин жайылуу мүмкүнчүлүгү жогору болгондуктан, Кара-Суу районунун жашоочуларына эрежелерди туура сактоону түшүндүрүштү.

Андан сырткары, жаш өспүрүмдөр менен иштешүү боюнча инспекторлору тарабынан соода түйүндөрүндө, темир жол бекеттеринде, автоунаа бекеттеринде, кафе жана ашканаларда иштеп жаткандарды жана кароосуз жүргөндөрдү аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды алып барышууда.

Ошондой эле, Кара-Суу районунун милиция кызматкерлери менен тиешелүү кызматтары коомдук транспорттор менен таксилердин санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоолору эскертилүүдө.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн