Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто ири көлөмдө баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды

08.04.2022 15:29
488
Ошто ири көлөмдө баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды

Ошто ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген жаран кармалды. 


ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 18-март күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгына «А» аттуу жаран Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 18-мартында  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  282-беренесинин 1-бөлүмү менен   кылмыш иши козголгон.


Жогорудагы маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери 2022-жылдын 2-апрель күнү саат 16.30 чамасында Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө 1991-жылы туулган К.М. башкаруусундагы «ДЭУ-Матиз» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Автоунаанын ичиндеги жүргүнчү катарында бара жаткан 1985-жылы туулган Э.М.  жана  баңгизатты мыйзамсыз сатуу үчүн  мурда  бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган Т.С. болгон. Жаран Т.С. жашаган Ош шаарындагы батирге кызматтык ит менен  кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда жуунучу бөлмөсүнөн скотч менен оролгон салмагы 1 кг. 7 гр. болгон 1 даана таңгак зат табылган. 


  2022-жылдын 3-апрель күнүндөгү соттук-медициналык экспертизанын корутундунун негизинде жогорудагы табылып алынган зат “гашиш” баңгизаты экендиги  аныкталып,   анын жалпы салмагы 1 кг. 7  гр. түзгөн.



Аталган факты боюнча кармалган жаран  Т.С.  Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди.  Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн