Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

30.01.2024 12:58
457
Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип бир нече жолу соттолгон жаран кармалды


ИИМдин КИИББдин үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген, бир нече соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматк ызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер органдарына Баткен облусунун тургуну кайрылып, ага карата алдамчылык аракеттери болгонун айтып, анын кесепетинен мүлкүнөн ажырап, олуттуу материалдык зыян тарткандыгы тууралуу билдирген.

Маалым болгондой, 2023-жылдын август айында, арыздануучу Ош шаарында жайгашкан базарга «Хундай Портер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын сатуу максатында келген. Ошол убакытта, базарга бир бейтаныш жигит пайда болуп, ал өжөрлүгү менен арыздануучуну көндүрүп, аталган автоунаасын ага сатууга көндүргөн.

Унаа 1 миллион 700 миң сомго бааланган. Сатып алуучу алдамчылык жолу менен анын ишеничине кирип, унааны ээлеп алган. Арыздануучуга 20 миң сом акча каражатын берип, калган акча каражатын жакын арада төлөп берем деп, изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.

Аталган факт, чогултулган материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү жарандын криминалдык чөйрөгө тиешеси бар деген маалымат болгондуктан, тергөө иштерине киришти.

2024-жылдын 27-январында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.С. аттуу жаран кармалган.

Бул жаран мурда да, ден соолукка оор залал келтирүү, бейбаштык жана алдамчылык боюнча бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Ири алдамчылыкка шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн