Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто ирригациялык системаларды модернизациялоо иштери башталат

10.05.2022 18:52
1030
Ошто ирригациялык системаларды модернизациялоо иштери башталат



Бүгүн, 10-майда Ош шаарында борбордук көчөлөрдүг боюндагы ирригациялык түйүндөрдүн абалы боюнча жер-жерлерде текшерүү жүрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Капиталдык курулуш, архитектура башкармалыгынын, “Ош шаардык жолдор башкармалыгы” ишканасынын, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка, Ленин, Мамыров, Г.Айтиев, Раззаков, Райымбеков көчөлөрүндөгү ирригациялык системалардын абалы менен таанышты. Анда нөшөрлөп жааган жамгыр маалында ирригациялык системалардын кубаттуулугу коюлган тапшырмаларды аткара албай жатканын, мындан улам айрым жерлерди реконструкциялоо жана алмаштыруу талап кылынары белгиленди.


Бул боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Долбоордук-сметалык документтер түзүлгөндөн кийин шаардын көчөлөрүндөгү ирригациялык системаларды реконструкциялоо иштери башталат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн