Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

14.06.2022 15:38
1017
Ошто издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдөгү эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын кызматкерлери тарабынан 13-июнь күнү эки издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды. Биринчи жаран Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган К.М. Ал Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен шектүү деп табылып издөөдө жүргөн. Аны Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармашты жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


   Экинчи жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын издөө тобунун ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал сот чечимине баш ийбей, соттук отурумга келбей койгондугу үчүн сот тарабынан издөө жарыяланган болчу. Тагыраак айтканда, 1976-жылы туулган, А.П. Ош шаарынан аймагында бир нече уурулук фактысын жасап, ал боюнча 2022-жылдын 6-март күнү кылмыш иши боюнча, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 205-беренесинде (уурдоо) каралган кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, соттук кароого жиберилген.


Соттук кароо учурунда, А.П. соттук отурумдарга барбастан, изин жашырып качып кеткен. Ошол себептен, 2022-жылдын 1-июнь куну ага карата Ош шаардык соту тарабынан издөө жарыяланып, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалып, ага карата издөө ишин ачуу үчүн, топтолгон материалдар Ош ШИИБнын КИБнө жиберилген..

 Ош шаардык соту тарабынан А.П. үстүнөн издөө ишин ачууга келген материалдар, Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кабыл алынып, 2022-жылдын 6-июнь күнү издөө иши ачылган.


 Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп жаткан «Издөө» операциясынын негизинде, Ош ШИИБнын КИБнун издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну, 1976-жылы туулган, П.А. Ош шаарынын аймагынан, жашынып жүргөн жеринен кармалып Ош ШИИБнын УКЖна киргизилген.


  


    

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн