Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал мурда 3 жолу соттолгон, мурдагы укук коргоо органынын кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 17-октябрь күнү Ош шаарында, анын ишеничине кирген «А» аттуу жаран анын «Тайота-Камри» жана «Лексус JX-470» үлгүсүндөгү автомашинасын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткендигин билдирген. Шектүү жабырлануучунун автомашиналарын башка бирөөлөргө сатып жиберип, изин жашырып кеткен. Бул факт боюнча Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Иликтөө учурунда анын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну, мурда 3 жолу соттолгон, учурда дагы Жалал-Абад соту тарабынан «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен сот жообуна тартылаар алдында турган, мурдагы милиция кызматкери М.А. экендиги аныкталды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн шектүү М.А. 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалып, тергөөгө камсыз болду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштер уланууда. Бүгүн Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карайт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү кимде-ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 03222-6-64-02 жана 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн