Теке 27, 2024
Убакыт: 15:00
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Ошто каракчылык кылган деп кармалгандар адам өлтүрүүгө да шектелүүдө

21.11.2023 09:42
335
Ошто каракчылык кылган деп кармалгандар адам өлтүрүүгө да шектелүүдө


Ошто каракчылык кылган деп кармалгандардын айрымдары адам өлтүрүүгө да шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.


Ош ШИИБдин билдирүүсү боюнча, Ноокат районунда 2022-жылы адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган кылмыштуу топтун эки мүчөсүнүн адам өлтүргөндүгү аныкталган.


Шаардык милиция алар 43 жаштагы Н.Д. жана 33 жаштагы У.Д. аттуу жарандар экенин билдирди.


"Алар 2022-жылдын август айында Ош шаарынын 34 жаштагы Б.А. аттуу тургунун шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан жолуктуруп, сүйлөшүп келүү үчүн өздөрүнүн автоунаасына отургузуп адырга алып барышкан. Ал жерден аны муунтуп өлтүрүп, электр мамычасынын жанына көмүп коюшкандыгын билдиришти. Н.Д. аттуу айыпкердин берген көрсөтмөсүнө караганда, каза болгон А.Б. буга чейин алардын кылмыштуу тобунда болуп, кийин топтон чыгып кеткен. Аны кылмыштуу топ тууралуу маанилүү маалыматтарды билгендиктен жазалашкан ", — деп айтылат билдирүүдө.


Каза болгон адамдын сөөгү моргго жеткирилип, туугандары аны таанышкан. Учурда кылмыш ишинин алкагында тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын толук жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Айыпкер Д.Н. буга чейин мурдагы кылмыштарынын алкагында камакка алынган. Ал эми шериги У.Д. 2023-жылдын 17-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөтүп, атайын операциянын жүрүшүндө ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери тарабынан жок кылынган.


Эске салсак, 9-ноябрда Ош шаарында 11 адам террорчулук, каракчылыкка шектелип кармалып, тогузу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-ноябрга чейин дагы бул топко тиешелүү 17 адам кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн