Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто карыларга 150 миң сом бөлүндү

01.10.2021 14:22
503
Ошто карыларга 150 миң сом бөлүндү


Бүгүн, 1- октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын, шаардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери менен биргеликте 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жаткан карылардан кабар алып, майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Вице-мэр Венера Рыскулова шаардагы "Боорукердик" үй интернатында жашаган каарыларга урмат- сый көрсөтүп, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан карылар күнү менен куттуктады. 

Вице-мэр арыялардын айткан кеңеши менен берген батасы мамлекеттеги туруктуулуктун, бакубат жашоонун өбөлгөсү экенин белгилеп, аларга Ош шаарынын мэриясынын белектерин тапшырды. 


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен шаарда жалгыз бой, кароосуз калган улгайган адамдарга материалдык жардам катары 150 миң сом акча каражаты бөлүндү. 


Айта кетсек, Ош шаарында Эл аралык карылар күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Анын алкагында улгайгандардан кабар алып, акчалай жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен социалдык өнүгүү башкармалыгында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Ачык эшиктер” акциясы уюштурулат. Анда шаардагы баардык кары-картандарга ар тараптуу маалыматтар берилип, колдоо көрсөтүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн