Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто кайрадан ичүүчү суу жок. Себеби жамгыр

18.03.2022 09:14
994
Ошто кайрадан ичүүчү суу жок. Себеби жамгыр

Нѳшѳрлѳп жааган айынан Оштун бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, мындай чара Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайкалыгы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу көрүлдү.


Алсак, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү саат 07:05те токтотулган.


Мэрия суу өчө элек аймактарда таза суу камдап алууну өтүнөт.


Таза суу жеткирип берүү үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 105, 8-11-15, 8-11-51 жана 0553 200-105 кайрылсаңыздар болот.


Ош шаардык мэриясы жарандарды сабырдуулукка чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.


Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн