Ош шаарындагы "Алтын Ордо" рестораны жабылды, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган ресторанда кыз узатуу тою өткөрүлүп жаткан. Муниципалдык кызматтын тиешелүү адистери тарабынан той токтотулду. Талаптарга баш ийбеген ресторандын ээсине жана той өткөрүп жаткан тарапка айып пул салынып, ресторан убактылуу жабылды.
“Ош шаарында жашыруун той өтүп жатканын байкап калсаңыз, шаардык мэрияга кабарлап коюңуз. Ал үчүн 166 кыска номуруна байланышып, видео же сүрөттөрдү 0755 38 38 21 WhatsApp номерине жөнөтүңүз болот”, - деп кошумчаланат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн