Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто кызмат өтөп жаткан аскер каза болду

17.08.2022 21:33
643
Ошто кызмат өтөп жаткан аскер каза болду


Бүгүн, 2022-жылдын 17-августунда КРнын ИИМдин Ош шаарындагы 703 аскер бөлүгүндө дагы бир аскердин өлүмү катталды.   Бул тууралуу акыйкатчы институту кабарлады.


Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү окуяны угар замат, аталган аскер бөлүгүнө барды. Бардык жетекчилик Ош шаардык оорукананын моргунда жүрүшкөндүктөн, моргго барып жолукту. Аскер бөлүгүнүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17.08.2022-ж. эртең мененки саат 05.00 чамасында аскер бөлүгүнө текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер М. уулу А. ошол жерде ары-бери басып жүрүп жыгылып түшкөн жана ошол боюнча турган эмес. Жанындагы аскерлер, текшерип-өткөрмө пункттан ары 20-30 метр аралыктагы аскер бөлүгүнүн мед.пунктка алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган.  


 Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Насиров Кылычбек менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал аскерди алгачкы кароодо каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө атасы катышканын билдирди. Соттук медициналык биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун, ички органдардан алынган заттар жана бөлүкчөлөр алынгандыгын жана алардын изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдаган.  

 Ошондой эле, ишти тергөөгө алган Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү менен да сүйлөшүү жүргөн. Ал аскердин медициналык картасы жана башка армияга чакырууга тиешелүү болгон иш-кагаздардын алынгандыгын билдирген. 


 Аскер бөлүгүнүн командири каза болгон аскер үйүнө кете турганына бир ай эле калгандыгын, 2 күн мурда ата-энеси келип кетишкендигин айткан. Өкүл аскердин ата-энесине да жолугуп, юридикалык жардам берүү сунашталды. 

 

  Бул окуя боюнча Акыйкатчынын өкүлү тарабынан чогултулган бардык материалдар, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тарабынан түзүлгөн “Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы” боюнча мекемелер аралык жумушчу топто иштөө үчүн колдонулат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн