Ошто коменданттык убактын эрежелерин бузган 10 адамга 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.
"Өткөн сутка аралыгында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 10 жаран кармалды. Мыйзамга ылайык, 10 жаранга тең 3 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, 2 айдоочуга биринчиден коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 3 000 сом айып, экинчиден мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 17 000 сомдон айып салынды. Ал эми жалпы облус боюнча оор кылмыш иштери катталган жок", - деди Нурдинов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн