Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:49
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Ошто көмүлгөнүнө бир жума болгон келиндин сөөгү кайрадан казылып алынды

21.07.2021 15:54
1501
Ошто көмүлгөнүнө бир жума болгон келиндин сөөгү кайрадан казылып алынды

Ош шаарында өзүн-өзү асып өлдү делген келиндин сөөгүн жакындары 1 жума өтпөй кайра мүрзөсүнөн казып алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.


Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон келиндин жакындары анын өз жанын кыйганына ынанышкан. Бирок 1 жума өтпөй анын сөөгүн эксгумация (өлүмдүн себептерин аныктоо масатында көмүлгөн өлүктү текшерүү) кылуу үчүн милицияга арыз жазышкан.


Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.


Анын айтымында, келиндин жакындары анын сөөгүн мүрзөсүнөн казып чыгып, эксгумация жасатышкан. Келин 3 баланын апасы болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн