Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Ошто көмүрдүн баасы көзөмөлдө

12.11.2021 14:20
537
Ошто көмүрдүн баасы көзөмөлдө

Ош облусунун райондорунда ачылган социалдык көмүр базалар көзөмөлдөнүүдө. 


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен ачылган социалдык көмүр базалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүүдө. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жарандарга жеткиликтүү баада көмүр сатуучу базаларды жеринде көрүп, Ош облусунун тургундарын үзгүлтүксүз жана арзан көмүр менен камсыз кылууну көзөмөлдөп жатат.


Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен өкүлдүн орун басарлары да жер-жерлерде ачылган социалдык көмүр базаларды текшерип жатышат.


Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында 30 социалдык көмүр базалары иштеп жатат. Аталган базаларда көмүрдүн баасы 3,5 сомдон 5,5 сомго чейин сатылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн