Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто көмүрдүн баасын 5 сомдон көтөрбөө боюнча тапшырма берилди

04.10.2021 16:54
924
Ошто көмүрдүн баасын 5 сомдон көтөрбөө боюнча тапшырма берилди


Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы көмүр карьер жетекчилерин, Райондун акимдери жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү. Жолугушууда кышка даярдык, Ош облусунун тургундарын көмүр менен камсыз кылуу жана көмүрдүн баасы тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.



Зиядин Жамалдинов ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, кышында элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүү жана көмүрдүн баасын жөнгө салуу керектигин айтты.

“ Кыш оор болот деген божомолдор айтылууда. Ошондуктан биз Ош облусунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүр чыгарган ишканалардан сураныч, көмүрдүн баасын көтөрбөгүлө, элге ыңгайлуу баа койгула. Кар жааганда эле бааны жогорулатып аласыңар, кандай шартта болбосун көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбагыла”,-деди Ош облусунун башчысы.


Президенттин Оштогу өкүлүнүн сунушун ишкерлер колдоп, бааны 5 сомдон жогорулатпоого макул болушту. Ал үчүн кара алтынты түз, ортомчусуз алып келүү боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми Райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жер-жерлерде атайын көмүр базалар уюштурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн