Ош шаарында автобус, троллейбустардагы санитардык талаптардын аткарылышы боюнча рейд уланып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Алардын маалыматында, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук транспортто бет кап менен жүрүү талабы күчөтүлдү.
Рейддин максаты - шаарда коронавирустун кайра жайылып кетүү коркунучун алдын алуу.
Ошондой эле мэрия коомдук транспортко бет капсыз түшүүгө болбой турганын жүргүнчүлөргө эскертишти.
Пикирлер (1)