Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто кооптуу аймактан көчпөгөн тургундарга чатырдан шаарча курулду

02.05.2020 18:05
1246
Ошто кооптуу аймактан көчпөгөн тургундарга чатырдан шаарча курулду


Ош облусунда жер көчкү жана сел каптоо коркунучу жаралган жерлерден көчпөгөн элдерге чатыр шаарчасы уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Папан, Сарай, Нариман жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарында бүгүнкү күндө жер көчкү жана сел каптоо коркунучу бар кооптуу аймактарында 31 үй-бүлө жашоодо.

 

“Папан айылдык аймагына 10 орундуу жыйырма үч чатыр бөлүнүп берилди. 2-май күнү Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Папан айылдык аймагынын Кызыл-Туу айылынын Жер-Капчал участкасына атайын чатыр шаарчасы уюштурулду”, - деген ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Асан Сулайманов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн