Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды

Көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 2022-жылдын 23-август күнү айрым интернет булактарында белгисиз жарандын көп кабаттуу үйдүн ачык турган терезеси аркылуу тапанча аткан кыскача видеосу жарык көргөн. Ал баланын өздүгүн жана кайсы жерден аткандыгын аныктоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан оперативдүү кызматкерлерге тапшырма берилген.

   

Натыйжада, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери тарабынан ал баланын өздүгү аныкталып, бүгүн 25-августта милиция бөлүмүнө алынып келинди. Ал 2001-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, туруктуу иштеген жери жок А.уулу Б. болуп чыкты. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө: «Быйыл январь айынын аяктарында Ош шаарындагы ХБК (Манас-Ата кичи району) тараптан көп кабаттуу үйдөн бир квартираны суткага алып досторум менен көнүл ачып отурганбыз. Мас элем. Анан менин жаныда сигнальный тапанча бар эле. Ошону алып терезеден аттым. Анан ал видеону 23-августта инстаграмм баракчама жүктөгөн элем. Ал жерден башка адамдар алып таратып жиберишиптир. Туура эмес кылдым. Кечирим сурайм», деп билдирди. Ал эми сигнал тапанчаны Бишкек шаарынан, мергенчилердин атайын магазининен сатып алгандыгын, сатып алуу үчүн эч кандай уруксат кагаздын кереги жок экендигин билдирген.


    Учурда далил буюм катары тапанча алынды, ал эми кармалган жаран А.уулу Б.нын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн