Ош шаарында коронавирус илдетин жашырып жүргөн адамга
кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарынын комендантты
Малик Нурдинов билдирди.
Коменданттын айтуусуна караганда 280-берененин негизинде кылмыш иши козголгон
“Россиядан апрель айында келген. Биз буга чейин айтып келгенбиз ооруну жашырбагыла деп. Ал келгенден кийин текшерүүдөн өтпөй, үй-бүлөсү менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Ал өз үй-бүлөсүнө жана андан башка 10 адамга илдет жуктурган”, - деди Нурдинов.
Ошондой эле, учурда текшерүү улантылып жатканын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн