Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто коронавирустан каза болгон жаранды сойдурбаш үчүн пара талап кылган экспертиза кызматкерлери кармалды

24.07.2020 17:54
864
Ошто коронавирустан каза болгон жаранды сойдурбаш үчүн пара талап кылган экспертиза кызматкерлери кармалды


Ош шаарынын И.Х. аттуу тургуну 2020-жылдын 20-июлунда социалдык тармактар аркылуу анын жолдошу У.У. 9-июль күнү COVID-19 илдетинен каза болуп, анын денесин сойдурбаш үчүн Ош облустук мейиткананын (морг) кызматкерлери 20 миң сом акча талап кылып, бирок 10 миң сом акча алышкандыгын, ал эми санитардык кызматкерлер 3 миң сом алганы тууралуу билдирген. 

 

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошол эле күнү бул факт ИИМдин Тергөө кызматынын түштүк аймактык бөлүмү тарабынан Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктундагы (алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап пара талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө 22-июль күнү Ош облустук соттук медициналык бюросунун кызматкерлеринин бири Ош шаарынын аймагында Х.И.га 10 миң сом акчаны кайтарып берип кеткендиги аныкталган.  


Ошол эле учурда Х.А. ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнө (Ош шаары) алып келип өз ыктыяры менен тапшырган. Ал акча каражаттарына кароо жүргүзүлүп, далил буюм катары таанылган.   


Мындан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери 1967-жылы туулган К.А., 1974-жылы туулган Д.Н. жана 1977-жылы туулган Н.К. бул кылмышка тиешелүү экендиктери аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алардын кыймыл аракетине юридикалык баа берүү багытында тергөө иштери улантылууда.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн