Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 16:49
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Ошто күч менен чала тааныш адамдардын акчасын тартып алган жаран кармалды

09.06.2021 13:20
1196
Ошто күч менен чала тааныш адамдардын акчасын тартып алган жаран кармалды

Буга чейин Ош облусунун тургуну укукка каршы аракеттер боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2020-жылдын декабрь айында Өзгөн шаарында, эки чала тааныш адам  күч колдонуп, тоноо  жолу менен арыз ээсинин   баасы 20 миң сомдон ашкан уюлдук телефонун тартып алышкан.


Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Тоноо" боюнча сотко чейинки өндүрүш  башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири камакка алынып, экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Андан ары ыкчам-издөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн. Тергөөдөн жашырынып жүргөн Өзгөн районунун тургуну, кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда экендиги аныкталган.


Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери изин жашырып жүргөн  1993-жылы туулган Т.Ону  кармоо боюнча ыкчам иш-чараларын  Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жүргүзүшкөн.


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн  шектүү Т.О.  "положенец" макамына ээ. Ал тирешүүнүн кесепетинен каза болгон криминалдык авторитеттин жакын адамдарынын бири болгон.


Эске салсак, 2021-жылы 19-мартында Өзгөн районунда жергиликтүү кримавторитеттин унаасын атып кетишкен.  Октон алган жаракатынан улам  эки жаран каза болгон. Бул ишти андан ары тергөө ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан жүргүзүлүүдө. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы бул оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн