Ош облусунун аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө
катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 20:42де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн