Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 16-август күнү саат 22:27де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Өзгөн районунун Ийрек, Түз-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн