Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-июль күнү саат 18:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн