Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто күндүзгү стационарда дарыгер Матлюба Каримова каза болду

15.07.2020 15:40
1422
Ошто күндүзгү стационарда дарыгер Матлюба Каримова каза болду

 

Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №8 филиалынын логопеди Матлюба Каримова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери жергиликтүү басылмаларга билдирди.


Маалыматка ылайык, Матлюба Каримова бүгүн, 15-июлда “Каныкей” ресторанында уюштурулган күндүзгү стационарда көз жумган.

Билдирүүгө караганда, дарыгер көп жылдардан бери Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №8 филиалында логопед болуп эмгектенип келген.

Дарыгер 61 жашында пневмониядан каза болгону жана артында 3 кыз, 1 уулу калганы айтылат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Махам Мамашаев
Арты кайрылуу болсун. Бир туугандарына сабыр берсин. Кылган кызматын Аллахым кабыл кылсын сооптору тийсин.Кызматын Аллахым кабыл кылсын. Окмотон кызматына чара корсотсо кылган кызматына улгу болот келечектеги жаш медиктерге. Урмат менен Махам Мамашаев.