Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто курулуп жаткан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө кулап түштү (видео)

05.08.2023 14:21
645
Ошто курулуп жаткан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө кулап түштү (видео)


Бүгүн Ош шаарында курулуп жаткан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө кулап түштү. Видеону журналист Шохрух Саипов жарыялады.


Окуя 5-августта саат 1.30дар чамасында Навои-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кээ бир курулуштар урап түшкөн. Өз кезегинде түштүк борбордун мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы арматура конструкциясы бузулбаганын билдирди.


Эске салсак, бул бийик жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу боюнча сынакты «Сапат Строй ЛТД» ЖЧКсы жеңип, 45,3 миллион сомго долбоорду ишке ашырууну сунуштаган. Компанияны 26 жаштагы Амантур Абылов жетектейт, ал тууралуу маалымат жана анын байланыштары ачык булактардан табылган жок. Ош шаарынын мэриясы буга чейин өтмөк бардык стандарттарга ылайык, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балалуу энелер жана карылар үчүн курула турганын билдирген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн