Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча ишке берилди

14.06.2023 15:57
670
Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча ишке берилди


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Талдык айылындагы бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, ишке берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 60 балага ылайыкталган, эки кабаттан турат, жалпы аянты 828,8 чарчы метрди түзөт.

Долбоорго ылайык бала бакчада бөбөктөр үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган.

Мамкурулуш агенттигинен кошумчалашкандай, имараттын курулушу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бүткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинне 2015-жылы башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн