Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто күйөө баласы кайнатасы менен кайненесин бычактап салды

08.04.2021 15:24
1415
Ошто күйөө баласы кайнатасы менен кайненесин бычактап салды

7-апрелде Кара-Суу РИИБне  саат 00:40 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн  ВЛКСМ участкасынын жашоочулары 44 жаштагы Ж. Р жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н  денелеринен белгисиз курч нерсенин кесепетинен жараат алып кайрылганын билдирген.


Маалыматтын негизинде,  Кара-Суу РИИБнун ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган кезде, 6-апрелде болжол менен саат 23:20 ВЛКСМ участкасынын тургуну Р.Жнын үйүнө анын күйөө баласы Ош шаарынын Он-Адыр участкасынын жашоочусу 30 жаштагы А. А балдарын көрүү максатында барган. Бирок кайнатасы Р.Ж аны киргизбей экөө уруша кетип, А.А өзүнүн үйүнөн жубайы Ж.Мны коркутуу үчүн алып келген ашкана бычагы менен кайнатасын арка тарабынын даалысына эки жолу, көкүрөк тарабына үч жолу,  сол колуна үч жолу, моюнуна бир жолу, ичине бир жолу бычак менен сайып, ошол эле жерде аларды ажыратып жаткан кайненесине да ич тушуна эки жолу бычак менен  сайып жибергендиги аныкталып, окуя болгон жерден бычактын сынган сабы, кан үлгүлөрү алынган.


Ал эми,7-апрелде 04:30 чамасында денесинен алган жаракатынан улам Р.Ж ооруканада каза болгон. Каза болгон: 44 жаштагы Ж. Р., үй-бүлөлүү үч баланын атасы, убактылуу  эч жерде  иштебейт.


Шектүү: А. А., үй-бүлөлүү эки баланын  атасы, орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолбогон. Кылмышка шектүү кылмыштын изи сууй электе милициянын участкалык уполномоченныйы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу  жайга киргизилди. Сотко  чейинки өндүрүш  иши боюнча, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, сотук-криминалистикалык, соттук-медико-техникалык,  соттук-наркологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып  тергөө  амалдар  жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн