Саламаттык сактоо министрлиги Ош облусунда күйөөсү бычактаган 33 жаштагы кош бойлуу келиндин абалы тууралуу маалымат берди, деп билдирди "Кабар" агенттиги.
Ведомстводон билдиришкендей, ал 23-август түнкү саат 23:31де оор абалды төрөт үйүнө түшүп, тез арада операция жасалган.
"Бүгүнкү күндө анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал тиешелүү дарылоодон өтүүдө. Келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан мурда милиция аялдын баласын сактап калуу мумкүн болбогонун билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн