Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:36
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто күйөөсү кош бойлуу аялын сабап өлтүрдү

23.10.2020 10:18
913
Ошто күйөөсү кош бойлуу аялын сабап өлтүрдү


Ош шаарынын тургуну, 29 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза болду. Бул тууралуу “Медиа центр” маалымат агенттигине Ош ШИИБдин маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.


Маалыматка караганда, окуя 22-октябрда саат 13.00 чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда кош бойлуу келин күйөөсү тарабынан токмоктолуп, окуя болгон жерде каза болгон. 


Аялдын өлүмүнө шектелип, 32 жаштагы А.А. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон күнү кайын энесине да кол салган. 

Шектүүнүн көрсөтмөсүнө караганда, анын мындай кылмышка баруусунуна кызганыч себеп болгон. Учурда адам өлтүрүү беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, териштирүү иштери башталды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн