Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирем деген аялды милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2 саат мурун Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Кызматкерлер аял кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөң соң аны оюнан кайтарып, аман-эсен алып калышкан.
Келин жолдошу менен пикир келишпестик болуп мындан улам бул ишке барууну чечкен. Алардын ортосунда бала талаш маселеси болуп жаткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн