Күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
9-декабрь күнү саат 19:40тар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылындагы үйлөрдүн биринде жубайлар спирт ичимдиктерин ичишкен. Сүйлөшүү учурунда 1980-жылы туулган С.Д., аттуу аял ашкана бычагын алып, 1964-жылы туулган күйөөсү М.Аны бычактап салган.
Күйөөсү алган жараатынан каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн